Министр Кубатбек Боронов Сузакта селден жабыр тарткан эл менен жолукту

Бүгүн, 20-апрель күнү өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында селден жабыр тарткан эл менен жолукту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министр иш сапар алкагында Ала-Бука районунда болуп, селден жабыр тарткан тургундар менен жолугат.

Эскерте кетсек, 18-апрелге караган түнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Сузак, Ала-Бука, Аксы райондорундагы айылдарды сел каптап, бир катар чыгымдарды алып келген. Жалпысынан Жалал-Абад облусу боюнча каналдын жээгине жакын жайгашкан 7 турак үйгө суу кирип, 6 турак үйдү сел жууп кетүү коркунучу пайда болгон. Ошондой эле 2 таза суу линиясы, 3 чакырым унаа жолу, машина өтүүчү көпүрө, жөө адамдар өтүүчү бир көпүрө селден зыянга учураган.

Боз-Чычкан айылында "Ынтымак" №85-мектебинин имаратынын айланасына суу толуп, спорт аянтчасын толугу менен ылай каптаган. Тазалоо иштери сел калдыктары кургагандан кийин айылдык аймак тарабынан аткарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barsbegKG
2016-04-20 11:43:30
Кабинетте отура бербей жетекчилер эл менен жолугуп, окуя менен жеринен таанышканы мыкты корунуш!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан