Каракол шаарында "Кыймыл - бул жашоо" деген аталышта бий марафону орун алды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Кыймыл - бул жашоо" деген аталышта бий марафону орун алды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдык алкагында уюштурулган марафонго 15тен ашык бий топтору, Бишкектен чакырылган бийчилер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

"Каракол шаары бир тууган Кененсаровдор, Атай Өмүрзаков сыяктуу таланттардын шаары. Бий -жаштар өзүн көрсөтө алчу багыттардын бири гана. Биз бүгүн жаштарды "ойготуп", аймактын маселелери менен тааныштырдык. Аларды чечүү жолдорун да көрсөттүк. Алардын сунуш-пикирлерин, демилгелерин колдоого даярбыз",- деди облус башчы Асхат Акибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurkasym-2014
2016-04-20 11:45:05
Жакшы жанылык. Чынында Каракол бийдин мекени болмой болду окшойт.
0
Neymarf
2016-04-20 13:29:47
Мен окуган университеттин асты турбайбы, молодцы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан