Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылында 1998-жылдан бери иштеп келген таштанды төгүүчү жай иштен чыгарылды. Учурда анын ордуна жаңы таштанды жай төгүүчү жай даярдалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин инспекциянын Экологиялык коопсуздук көзөмөлдөө башкармалыгы аталган жайдын экологиялык талаптарга жооп бербей турганын аныктап, айып пул төлөткөн. Буга катар Кара-Суу таштандыларын башка жайга көчүрүп, “Беккари” чуңкурун казуу тапшырмасы коюлган.
Учурда “Ак ниет” кыргыз коому экологиялык талаптарды эске алуу менен таштанды төгүлүүчү жай казууда. Ал эми мал жандыктын тарпын таштоочу атайын “Беккари” чуңкуру казылып даяр болгонун аталган коом адистерге көрсөттү. Ал эми мурдагы таштанды таштоочу жайы көмүлүп, тазалоо иштери башталды.