Тамак-ашка ууланып калган окуучулар ооруканадан чыгарылды

Жалал-Абад шаарындагы түрк лицейинин окуучулары тамак-ашка ууланып ооруканага түшүштү. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ 19-апрелде саат 12:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын аймактык ооруканасына шаардагы түрк лицейинен тамак-ашка ууланган 2 окуучу келген. Кийин болжол менен саат 15:00дө ушуга окшогон эле уулануу менен 6 окуучу түшкөн. Бүгүн эртең менен дарыгерлердин кеңешинен улам балдарга “тамак-ашка ууланган” деген диагноз коюлуп, окуучуларга тийиштүү жардамдар көрсөтүлгөн соң алар ооруканадан чыгарылды. Кийинки текшерүүлөр окуучулар окуп жаткан жерде жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurisum
2016-04-20 14:52:17
Бул балдар озулору уйунон алып келген баклажан салатынан ууланышкан.
+1
aiko15
2016-04-20 15:17:57
Nurisum,сен каяктан билесин же кордунбеле тообо 5,6 бала бирдей баклажан салат апкелиптирби не
+1
Nurisum
2016-04-20 20:09:03
aiko15 билген учун айтып жатам да 1бала алып келип ошол салатты обедде жеп жатышпайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан