Орусиялык ырчы Нюша рак оорусунан жабыркаган 1,5 жаштагы кыргыз баланын операциясына 300 миң рубль өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу Орусияда жашаган активист Жылдыз Осмонова жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Айдардын операциясына 7 миллион рубль керектелет. 1,5 жаштагы баланы аман алып калуу үчүн анын ата-энеси коомчулукка кайрылып, акчалай жардам сураган.