SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргызстанда орусча сүйлөөгө милдеттүү эмессиң" деген тема талкууга алынууда.
Темада автор: "Өзүмдүн жеке тажрыйбамдан: Бир мамлекеттик кызматкер расмий тилде сүйлөө укугуна жамынып, орусча өз оюн жеткиликтүү билдире албаган жаранга "орусча сүйлө, кыргызча түшүнбөйм" деп басынтып жатат. Дагы бир жаран "Мен кыргызча түшүнбөйм. Ошондуктан өзүм түшүнө алган орус тилинде маалымат алууга укугум бар" деп орусча жакшы билбеген мамлекеттик кызматкерди кемсинтип, шылдыңдап жатат. Эмнеге кыргыздар башкалардай болуп өз тилинде маалымат алуу, маалымат берүү укугун талап кылышпайт?"- деп суроо салган.
Темадагы жооптордон:
"Туура пикир. Мисалы, окууда 30 бала отурса, анын бирөө орус болуп калса, мугалим ошол бала үчүн орусча сабак өтчү. Биз жинибиз келип, урушуп отуруп кайра кыргызча өтүүсүн талап кылчубуз".
"Бишкектеги орустардын көбү кыргызчаны эң сонун билет, таза кыргызча сүйлөбөсө да жакшы түшүнөт."
"Мени таң калтырганы, эки кыргыз тең кыргызчаны түшүнүп туруп орусча сүйлөшөт. Көпчүлүк кыргыздар балдарын орусча тарбиялап жатышат. Мындайда кыргыздын келечеги кандай болот?"
"Өз өлкөмдө туруп тилден кыйналам, университетке киргенде башталган практика, жумуш, төрөт үйүнөн чыккыча кыйналдым".
"Бир жума мурун Орусиядан Бишкекке келип SIM-карта алайын десем сатуучу кыз орусча сүйлөп жатат "здравствуйте" деп. Зорго мекениме келсем, булар дагы орусча сүйлөшөт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.