Май айындагы майрамдарга карата өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү токтомдогу өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыргыз жеринде 1-Май - Эмгек майрамы жекшембиге туш келет. Өкмөт 2-майдан 5-майга чейин иш күнү болбойт деп жарыялады. 6-7-май - кадимки иш күнү. Дүйшөмбүгө туш келген 9-Май - Жеңиш күнүндө да кыргыз өлкөсүнүн жарандары эс алышат.