Ош шаарындагы Өзгөн көчөсүн асфальттоо иштери башталды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жолдо тынымсыз оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бир эле учурда жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана көчөгө жарык берүүчү жабдууларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Узундугу 350 метрге жеткен жолдун туурасы 13 метр. Анын ичинен 2,5 метри тротуар үчүн бөлүнгөн. Оңдоо иштерин "Севен стар" ишканасы баштады. Ушул жылдын май айында оңдоо иштерин аяктоо пландалууда.