20-апрелде Ош шаарында өтүп жаткан Орусия киносунун жумалыгынын алкагында “Шериктеш өлкөлөрдүн эл аралык макамын бекемдөө боюнча биргелешкен маданий катыштардын жана киноискусствонун мааниси” аттуу тегерек стол болду. Ага СССРдин, Орусия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын Эл артисттери, белгилүү кинорежиссёрлор, актёр-актрисалар, кино сынчылары, журналисттер катышты.
Ош мэриясынан кабарлашкандай, тегерек столдун жүрүшүндө эки тарап Орусия жана кыргыз киносунун жаңылыктары, эки өлкөнүн ортосундагы чыгармачылык байланыштарды бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча сүйлөштү. Ошондой эле коноктор байыркы Ош шаары жөнүндө жылуу пикирлерин айтышып, келечекте кыргыздын кино жаратуучулары менен биргеликте Ош шаары жөнүндө тасма тартууну пландап жатышкандыгын билдиришти.
Эске салсак, Ош шаарында 19-23-апрель аралыгында Ошто Орусия киносунун жумалыгын өткөрүү пландалган. Анда “Семетей” кинотеатрында Орусиянын мыкты кинолору көрсөтүлүп, талкууланып жатат. Көрүүчүлөр орусиялык жаңы тасмалар менен гана таанышпастан, алардын жаратуучулары менен бирге тасмаларды талкуулоого катыша алышат.