1980-жылы 21-апрелде манасчы Замир Баялиев Талас районуна караштуу Манас айылында туулган. Бардык манасчылар сыяктуу Замир Баялиев кичине кезинде аян түштөрдү көрүп, 15 жашынан тартып "Манас" эпосун айта баштаган.
Замир Баялиев республикалык "Эл ичи – өнөр кенчи" сынагында жеңип, 2005-жылы Саякбай Каралаев атындагы алтын төш белгисин алган. Ал эми 2010-жылы Кипр Республикасында өткөн "Коркут ата жана келечекке түрк дастандары" фестивалынын лауреаты болгон.