МЕДИА-ПОРТАЛ: "Алдаба" аттуу ырга клип тартып жатканда съёмка үчүн уюштурулган кече чыныгы кечеге айланып кеткен" дейт "Non-Stop" дуэтинин ырчысы Чолпон

“Медиа-портал” бөлүмүндөгү оригиналдуу сюжети менен чыккан клиптердин бири - "Non-Stop" дуэтинин “Алдаба” ырына тартылган клип. Аталган топтун ырчысы Чолпондун айтымында, клипте арзышкан жаштардын бири-бирине болгон мамилеси, ал канчалык бат өзгөрүлүп турары көрсөтүлгөн.

“Чыныгы ашыктар урушкан мезгилде бири-бирин жек көрүп, согушуп, жыйынтыгында элдешип, бат эле унутуп каларын көрсөтөлү дегенбиз. Клип ар кайсы мезгилдерде тартылгандыктан, Максат экөөбүздүн имиджибиз ар түрдүү. Көбүнчө съёмка учурунда идеялар пайда болуп, ошол учурда тартып жаттык. Анан клиптеги кечеде өзүбүздүн досторубуз, кесиптештерибиз тартылган. Башында кече жөн гана съёмка үчүн даярдалган, кийин чыныгы кечеге айланып, көңүл ачып отурганбыз”,- дейт Чолпон.

“Алдаба” ырына тартылган клипти бул жактан көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Agua
2016-04-21 11:32:36
Maga abdan jagat uwul klip
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан