Лондондо англиялык актёрлор кыргыз драматургу Султан Раевдин "Ханышанын көз жашы" аттуу пьесасын койгонго даярданышууда. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Ханышанын көз жашы” кыргыз спектакли Улуу Британияда алгачкы жолу англиялык актёрлордун аткаруусунда болот. Аталган чыгарманын бет ачары 2016-жылдын август айында OrzuARTS театрында орун алат. Театрдын продюсери Жозев Сандрдын айтымында, Курманжан датканын ролун белгилүү британ актрисасы Кейти Тревелян аткарат. Учурда актриса кыргыздардын каада-салтын өздөштүрүп, Алай ханышасынын образына кирүүнү үйрөнүүдө. Ал эми пьесадагы башкы эркек каармандын образын Антони Офиобу ойнойт.