“Ош суу-канал” муниципалдык ишканасы жергиликтүү тургундарга таза суу жеткирип берүүдө

“Ош суу-канал” муниципалдык ишканасы кичи райондордогу тургундарга таза суу жеткирип жатат. Бул тууралуу 20-апрелде ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 19-21-апрель аралыгында план боюнча Оштогу суу тазалоочу “Озгур” станциясына диаметри 800 мм жабдыкты орнотуу үчүн таза суу өчүрүлмөк. Бирок тынымсыз жамгыр жаагандыктан, булганган сууну тазалоо максатында таза суу эрте токтотулган. Бул күндөрү “Ош суу-канал” ишканасы калаанын кичи райондоруна суу жеткирет. Төлөйкөн кичи районундагы тургундар
Г.Айтиев көчөсүндөгү "Коңурат+" комплексинин скважинасынан иче турган сууну ташый алышат.

Эскерте кетсек, 18-апрель күнү Ош облусунда тынымсыз жамгыр жаагандыктан, Алчалуу, Жаңы-Айыл аймактарында сел жүргөн. Табигый кырсыктан 30-40 метрге чейин жол зыянга учурап, беш үйдү суу каптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Liliia
2016-04-21 10:22:02
бизде суу өчпөдү хбкда
0
ajo81
2016-04-21 12:25:39

ХБК Баш Булактан келген сууну ичишет ошондуктан
0
admin_portal
2016-04-21 13:12:30
ajo81, маалымат такталды. Рахмат.
0
happy15
2016-04-21 12:55:03
Суу жок кыйналдыкко ,балам мн жудоп эле калдым ,суу алып атканымда токтоп калды эми качан келет
0
marat009
2016-04-21 13:36:41
Токтогул парктын башындагы мосттун алдында трубадан таза суу агат ошол жерден алгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан