1992-жылы 21-апрелде ырчы Бураш төрөлгөн. 2010-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырган. Кичинекей кезинен ырдап жүргөнүн байкаган апасы Талгар Жакшылыковдон вокалдан сабак алуусун сунуштап, Бураш аталган инсандан сабак алган. Бураштын алгачкы ырлары болуп "Недоступная" (2008-жылы) жана казакстандык "All Давай" (2009-жылы) тобу менен биргеликте аткарган "История любви" аттуу ырлары саналат. Дал ушул ырлары менен өлкөгө таанылган. Өзүнүн жеке концертин Спорт Ордосунда 2009-жылы декабрь айында койгон.
21-апрелдин жылнаамасы.