Дүйнөнү каатчылык көйгөйү каптап турганына карабай кыргыз жерине Малайзиядан келген жарандардын саны 6 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги кабарлады.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2014-жылы Малайзиядан кыргыз жерине 62 адам келип кетсе, 2015-жылы 368 малайзиялык жаран кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирген. Ошондой эле КРнын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылга салыштырмалуу кыргыз жеринен Малайзияга болгон экспорт 85 эсеге өскөн.