1963-жылдын 21-апрелинде ырчы Райкан Абдувалиева Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Караван айылында туулган. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун комуз бөлүмүндө окуган. К.Орозов атындагы оркестрде комуз чертип эмгектенип баштаган.
Алгач Сагынбек Момбеков менен биргеликте гитара менен "Кадыр түн", "Сүйүү вальсы", "Периштем" деген ырларды аткарып элге таанылган. 1997-жылдан азыркы учурга чейин "Периште" ырчылар тобун жетектеп келет. 2011-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алган.
21-апрелдин жылнаамасы.