СУПЕРСТАН: Кыргыздарга коюлган ысымдар кайсы тилден алынган жана кандай маанини билдирет?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аттардын мааниси, магиясы бул жерде" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Диляра деген ысым байыркы фарс тилинен биздин тилге кирип, "ашык болгон жан", "жүрөктү эргиткен" деген маанилерди берет экен".

"Нури деген ат кыргыз тилине араб тилинен кирип, "нурдуу, нурдан келген" деген маанилерди берет. Башка аттардан Шоолага, Раушанга синоним. Шооланын казакчадагы варианты - Сауле. Кайсы тилден келгенин так билбейм. Ал эми Равшан деген ат фарсчада болгонуна караганда ошолордуку болсо керек деп ойлодум".

"Гүлбара дегенди чечмелейли. "Гүл" фарсчада роза гүлүн билдирет, "бар" сөзү "жемиш", "түшүм" деген сөздөргө дал келет. Демек, жорумумда "гүлдүн кызы" болду".

"Мен билгенден Гүлбаранын мааниси "байчечекей" дегенди билдирет".

"Бакыт" сөзү кыргыз тилине фарсчадан кирип, өзүнүн булагында "бахт" түрүндө айтылат. Маанилери - тагдыр (оң маанисинде), маңдай жазуусу же бешене, кут".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ady-88
2016-04-21 11:39:46
Оштуктар деп айткандай деп аябай эле болуп жазыпсынарго
+2
4ever_Young
2016-04-21 11:46:38
ady-88, анан эмне деп жазыш керек эле?
+2
4ever_Young
2016-04-21 11:47:14
Азим деген аттын маанисин билгендер барбы?
0
ngul
2016-04-21 12:48:54
Азим деген алланын 99 сыпатынын бири, "улук, бийик, улуу" деген маанини билдирет
0
brilliantka2016
2016-04-21 12:57:34
Акак эмнени тушундурот билесиздерби
0
happy15
2016-04-21 13:08:21
brilliantka2016, баалуу таш
0
nargis
2016-04-21 13:30:56
Баардык эле аттар жакшы ошол оз атына заты келишип жакшы болуу ар инсандын озунонда туурабы?
+1
bolotbek91
2016-04-21 15:19:13
Жогорудагы айтылган гул бара дегени кыргызчасы жазгул деген маанини билдирбейби
0
DOSY_1994
2016-04-21 21:20:40
Дастан деген нени тушундурот ким билет?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан