SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кара терилүүлөрдүн териси эмнеге кара?" деген аталыштагы видео жүктөлгөн (ник: Vid).
Темасы айтып тургандай эле видеодон "Кара терилүүлөрдүн териси эмнеге кара?" деген суроого жооп таба аласыз. Алардын терисинде ак терилүүлөрдүкүнө караганда көбүрөөк меланин бар. Меланин - бул ар бир адамдын терисинде кездешкен пигмент. Анын түсү күрөң болгондуктан, бул организмде көп болсо, ошончолук тери кара болот. Бул расадагы адамдардын түпкү ата-бабаларынын териси жашаган жеринин климатына байланыштуу кара болгон. Кара өң башкага салыштырмалуу күн нурларын жеңил көтөрөт. Ал эми азыркы күндө климаттын ысык-суугуна карабастан, ак жана кара терилүүлөргө бул ген аркылуу өтөт.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.