Интернет колдонуучулары 2016-жылдын 16-17-апрелинде Индияда болуп өткөн жаш балдардын үйлөнүү тойлору тартылган видеону кызуу талкууга алышууда. Видеодон жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусундагы бир нече үйлөнүү тойлорун көрүүгө болот. Анда болуп жаткан окуядан кубанган кимдир бирөөнү байкоого болбойт. Тескерисинче, кичинекей наристе "келинчектердин" ыйлаганы, таң калуу менен адамдарды караган жаштар көзгө урунат.
Өлкөдө эрте никеге турууга тыюу салынгандыктан, Индия бийлиги жана полиция кызматкерлери жогорудагы окуялар боюнча териштирүү иштерин башташкан. Белгилүү болгондой, 2 күндө 6 жаш баланын тою катталып, аларды уюштургандар жана ата-энелери мыйзам чегинде жоопко тартылышат. Маалыматтарга караганда, жашы жете электердин никеси жараксыз деп табылып, өздүктөрү аныкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Индияда мыйзам боюнча кыздар 18 жашында, ал эми жигиттер 21 жашында никеге тура алышат.