Бокс боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону, Киевдин мэри Виталий Кличко жумушка велосипед менен келип-кетүү чечимин кабыл алган. Бирок шайтан араба мингенине 2 күн боло электе элдин көзүнчө жыгылып кетти. Учурда бул көрүнүштү украиналык жана орусиялык басылмалар кызуу талкуулап жатышат.