500 кыргыз жаранына Крымда иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу КРнын Миграция кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ялта шаарындагы "Ялта-Интурист" мейманканасы менен түзүлгөн келишим боюнча 500 бош орун сунушталган. Анда кыргыз жарандарына үй кызматкери, ашпозчу, официант, короо шыпыруучунун жумуш ордулары сунушталды. Айлык акы кем дегенде 20 миң рубль болот. Ошондой эле Бишкектен Ялта шаарына чейин бекер транспорт каралган.
1-майдан 1-ноябрга чейинки аралык туристтик сезон катары саналат.