КИНОЗАЛ: "Туман" тасмасына профессионал актёрлор менен тартылсам кыйналам деп ойлогом, бирок мактоого арзыдым" дейт Улан Барпиев

"Кинозал" бөлүмүндөгү криминал, драмалык жанрдагы тасмалардын бири - "Туман". Тасма 2013-жылы тартылган, режиссёру - Максат Жумаев. Анда Шахзода Матчанова, Мурат Бисенбин, Улан Барпиев, Бахтияр Матянью, Замир Сооронбаев өңдүү актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Казак, өзбек актёрлору менен чогуу тартылган Улан Барпиев тасмадагы ролу тууралуу: "Тасмада башкы каармандардын бири Аман деген байдын баласынын ролун аткарам. Бул менин дебюттук ролум. Кино жаратуучулар өздөрү мени издеп таап, тасмага тартылууну сунушташкан. 1,5 ай тартуу аянтында жүрдүм. Башында "тажрыйбалуу, профессионал актёрлор менен тартылсам кыйналып калбаймынбы..." деген ойлор болгон. Тартуу аянтында андай чочулоолор өзүнөн өзү жоголуп кетти. Азыр баары эле "жакшы аткардың" деп мактап жатышат",- деп маектеринин биринде билдирген эле.

8 жыл мурун башкы каарман - ийгиликтүү ишкер Ильяз мекенинен, кыргыз жеринен качууга мажбур болот. Ага издөө жарыяланып, аны тааныгандардын баары Ильяздан баш тартышкан. 8 жыл бою ошол кездеги окуя тууралуу ойлонуп, бирок аны өзгөртүүгө күчү жетпей келген.

"Туман" тасмасын бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altynka95
2016-04-21 22:05:46
Сонун ойношкон жасалмасы жок
0
brit
2016-04-22 11:21:38
Мага да жагат абдан сонун кино
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан