МЕДИА-ПОРТАЛ: "Падышам" ырынын клибинде аялзатынын жүрөгүндөгү мырзанын идеалдуу образы берилген" дейт ырчы Назми

"Медиа-порталдагы" кызыктуу тартылган клиптердин бири - ырчы Назминин "Падышам" ырынын клиби. Ырдын сөзү Жыпара Исабаеваныкы, обону Съездбек Искеналиевге таандык. Клип тууралуу ырчы буларга токтолду:

"Падышам" ырынын обонун угарым менен жактырып, Съездбектен сурап алгам. Татыктуу клип болсун деп башында анимациялык клип тартууну чечкенбиз. Бирок бир жарым жыл аралыгында бир эле куплетине клип тартылгандыктан, башка клип тартууну чечтик. Нурсултан Кубатов менин оюмдагыдай идеяны сунуштап, жыйынтыгында купулума толгон ыр да, клип да жаралды. Анда аялзатынын көмүскөдөгү, башкача айтканда, жүрөгүнүн түпкүрүндөгү мырзанын идеалдуу образы берилди. Ар бир аялдын өзүнүн идеалы бар, бирок ушунчалык идеалдуу болгондуктан, ал чыныгы жашоодо жок. Ошондуктан клипте эркек киши так көрсөтүлгөн жок".

Назминин "Падышам" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
suarez09
2016-04-22 00:28:00
Жанар Дугаловага окшогусу келген го)(
+1
dani73
2016-04-22 07:45:10
Салам супер инфо мен кече сайтка кирип аттар туралу башкача айтканда жаны торолгон балага ат кою учун аттарды жазган теманы таппай жатам жардам бергиле алдын ала ракмат
0
admin_portal
2016-04-22 08:52:29
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан