Бүгүн, 21-апрелде Ош технологиялык университетинде Тарых жана маданият жылына карата Баткен согушунун ардагерлеринин Республикалык кеңеши Ош технологиялык университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушту. Окуу жайдан кабарлашкандай, жолугушуунун негизги максаты жаштарды мекенди сүйүүгө жана кыргыздын тарыхын унутпоого чакырууга багытталган.
Жолугушууга Баткен согушунун ардагерлери, дин кызматкерлери келишип, студенттерге согуштук апаат, экстремизм жана терроризм тууралуу айтып беришти. Студенттердин Баткен согушуна тиешелүү суроолоруна кенен жооп беришип, талкуулашты.
Аталган иш-чарага жалпысынан 400гө жакын студент катышып, жолугушуу эки саатка созулду.