SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келиндер, үйдө да боёнуп жүрөсүңөрбү?" деген тема талкууга алынып жатат.
Темада мындай пикирлер айтылууда:
"Мен ар дайым боёнуп жүрөм. Күйөөм боёнбой эле кой дейт, бирок мен боёнуп жүргөндү жакшы көрөм. Айылда дайыма бетиме сүзмөдөн маска жасап турам".
"Эртең менен боёнгонго эмес, чач тараганга убакыт болбойт. Эптеп эле чачтарымды ороп-ороп жоолукка бекитип, ары-бери жумушка киришем. Анан түшкө жакын бошогондо үйгө кирип таранып, оңдонуп калам".
"Мага боёнгон жарашпайт, кашы-көзүмдү боёсом лөлү болуп калам. Бет май жана атыр колдоном. Жолдошум боёнгондорду жаман көрөт. Анан кашымды тере элекмин такыр, күйөөм "азыр тербе, бир-эки балалуу болгондо тере бересиң" дейт".
"Эркектер "боёнбосоң деле жагасың" деп айта беришет, бирок баары бир өзүн каранып жүргөндөргө маани берип көз салышат. Бир эле макияж эмес, чачты да таза кармап, тыкан кылып жыйнап, кийимибизге да карап койсок эркектер башкаларга көз артпай калышат. Мен күйөөм жумуштан келерде өзүмдү карап, анан үй жыйнап калам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.