1870-жылы 22-апрелде Орусиянын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, Советтер Союзунун жана коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин (Ульянов) Симбирск шаарында туулган.
Ал 1895-жылы Петербургда "Жумушчулар классынын боштондугу үчүн күрөш биримдигин" түзүүгө катышкан. 1897-жылы кармалып, Енисей губерниясындагы Шушенск айылына 3 жылга сүргүнгө айдалган.
Ал эми 1900-жылы Ленин чет өлкөгө кетип, Г.В.Плеханов менен бирдикте "Искра" гезитин чыгарган. 1903-жылы большевиктер партиясын жетектеп, 1917-жылы Октябрь революциясынын башында туруп орус падышачылыгын тактан кулатып, Владимир Ильич Ленин бийликке келген.
Владимир Ильич Ленин бир партиялуу систем түзүп, коммунисттик партиянын жетекчилигинде Советтик Социалисттик Республикалар Союзун түптөгөн. 1918-жылы анын өмүрүнө кол салуу болуп, оор жаракат алган. Ал эми 1924-жылы январда ден соолугу кескин начарлап, 21-январь күнү каза болгон.