Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында акыйкатчы Кубатбек Оторбаев "2015-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" баяндамасы угулду.
Акыйкатчынын айтымында, 2015-жылы Акыйкатчы институтуна 12 миңден ашуун жаран кайрылган, анын ичинен 74 кайрылуу мамлекеттик органдардын текшерүүсүнө жөнөтүлгөн. Ал көбүнесе укук коргоо жана сот органдарынын акыйкатсыз аракети менен чечимдерине байланыштуу маселелер боюнча кайрылып жатканын айтты.
"Былтыр 44 831 адам камакка алынган. Андан мурдагы жылдарга салыштырмалуу соттолгон адамдардын саны кыйла азаюуда. Өткөн жылы 5770 адам соттолуп, 127 адам акталды",- деп маалымдады Оторбаев.