ЖЫЛНААМА, 22-АПРЕЛЬ: Белгилүү спорт ишмери Дөлөн Өмүрзаков тирүү болгондо 89 жашка толмок

1927-жылы 22-апрелде белгилүү коомдук ишмер, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгеги сиңген ишмери Дөлөн Өмүрзаков туулган. Ал Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Багыш айылында жарыкка келген.
Д.Өмүрзаков Токмок шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган. 1942-1944-жылдары Ленинграддагы П.Ф.Лесгафт атындагы Мамлекеттик дене тарбия институтунда билим алган. Эмгек жолун ушул институттун гимнастика боюнча кафедрасында иштөө менен баштап, ошол эле жерден аспирантураны аяктаган. 1953-жылдан баштап өз мекенине келип, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалык кызматын аркалаган.
Дөлөн Өмүрзаков жетекчилик кылып турган маалда көптөгөн спорттук оюн-зоок жайлары, анын ичинде “Спартак” стадиону (2011-жылы стадионго Дөлөн Өмүрзаковдун ысымы берилген), Кожомкул атындагы Спорт Ордосу жана башка курулуштар курулган.
Ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков спорт темасындагы бир нече китептин автору. Кезинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ардак белгиси, Элдердин достугу ордендери жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dubai
2016-04-22 19:13:18
ошондой инсандар азыр коп болгондо олкобуз гулдомок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан