МЕДИА-ПОРТАЛ: "Атам менен энеме" ырынын клиби жаш таланттарды колдоо максатында тартылган" дейт Айымжандын менеджери

Акын, котормочу Турар Кожомбердиевдин калемине таандык, обону белгилүү обончу Жолдубай Кайыповго таандык "Атам менен энеме" ыры канча мезгил өтпөсүн актуалдуулугун, популярдуулугун жоготпогон ырлардын сап башында турат. Бул ырды жаңылап ырдап чыгышкан жаш таланттар Айымжан Айылчиева менен Аяна Касымова "Атам менен энеме" ырына экинчи өмүр бергендей болушту. Ага тартылган клип тууралуу ырчы Айымжандын менеджери Мирзада Майчинова мындай дейт:

"Клипти режиссёр Жакен Чотой тарткан. Тартуу идеясы да ага таандык. Бир күндө филармонияда тартылган, бирок монтаждоого көбүрөөк убакыт кеткен. "Атам менен энеме" ырынын клиби жаңыдан чыгып келе жаткан жаш таланттар Айымжан Айылчиева менен Аяна Касымованы колдоо максатында тартылган".

Айымжан Айылчиева менен Аяна Касымованын аткаруусундагы "Атам менен энеме" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан