Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-250-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Ушундай эле абал Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 75-83-чакырымдарында күтүлүшү мүмкүн. Тоо арасындагы айрым жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Айдоочулар унаалардын ортосундагы абалды 500 метр аралыкта сактоосу зарыл экени эскертилди.