SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Астрологиялык төлгө жана көзү ачыктарга мамилеңер кандай?" деген тема талкууга алынууда.
"Көзү ачыктарга кээде таң калам, кээ бирлеринин алдын ала айткан нерселери туура чыгып калат го, же ал дал келүүбү? Бирок алар өздөрүн космос менен байланыштырышат. "Битва экстрасенсов" берүүсүндөгүлөрдүкү көпчүлүк учурда туура чыгат. Мисалы, бир нерсени издегенде. Астрологиялык төлгөлөрдө болсо кечээки болуп өткөндөр эртең болот деп айтылып калат".
"Астротөлгөгө анча-мынча ишенич бар, ал эми көзү ачыктарга түшүнбөйм, түрлөрү көп, кээ бирөө жолун ачтырса, кээ бирөө баштарын айлантып маңкурт кылып, кара дуба деп өлтүрүп койгондор да толтура. Мен цыгандарга ишенчүмүн, дүйнө жүзүнө белгилүү го ушул жагынан. Такыр ишенбейм дегенден алысмын".
"Көзү ачыктарга барып көргөн эмесмин, ишенбейм дагы. Астрологиялык төлгөлөрдө болсо ар жума сайын эле "жаңы сүйүүгө учурайсың" дей берет, жума өткөрүп эле жүрөгүм жаңыра бере тургансып".
"Менин бир таанышым ТВда иштечү. Кээде интернеттеги жылдыздар төлгөсүн которуп койгондон эринип, өзүнүн оюнан жазып койчу. Кыскасы, ишенбейм андайларга".
"Астрологиялык төлгөгө ишенбейм, дегеле бир да жолу туура чыккан эмес. Бир окуядан кийин көзү ачыктарга да ишенбей калгам. Студент кезде сегиз группалаш кыз көзү ачыкка барганбыз, анан алтообузду "аркаңар бар экен, үйүңөрдөн бирөө моюнуна алыш керек, болбосо болбойт" деп чыгарган".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.