"Медиа-портал" бөлүмүндө көп көрүлгөн, кызуу талкууга алынган кызыктуу клиптердин бири Азамат Исмаилов менен Азимхан Рахатовдун аткаруусундагы "Келин келгенский" ырынын клиби. Шоумен, "тамашоучу", эми ырчылык өнөрүн көрсөтүп жаткан Азамат Исмаилов "азыр сүйдүм-күйдүм деген
бири-бирине окшош ырлар көп, өзгөчөлүк болсун деп ушул ырды жаздырып, клип тарттык" дейт.
"Кыргызда үйгө келиндин келгени жакшылыктын, майрамдын белгиси. "Келин келгенский" тамашалуу чыгарма болгондуктан, клипти да ошого ылайыкташтырып тарттык. Клипте супер келиндин образын көрсөттүк. Күйөөсү көчөдөн келсе тамак-аш даяр, кийимдери таза, үй жыйнаштырылган, бойдок кезде анын бири жок да. Кыскасы, эркек кишилерге "эртерээк үйлөнгүлө, баары жакшы болот" деген ойду айтып, мотивация бердик. Эң аягында тамашалап "башында аялы күйөөсүн бакса, балалуу болгондон кийин күйөөсү аялын багып, эркек аялга баш ийип калат" дегенди көрсөттүк.
Ырга, клипке түрдүү сын-пикирлер айтылып жатат. Түшүнгөндөр тамашалуу ырды туура кабыл алышып, 90 пайызы жакшы ойлорун айтышты. Эми баарына бирдей жага албайсың. Коомдо жашоого таарынган, ачуулуу адамдар көп. Андыктан негатив эмес, позитив тартуулайлы деген максатта, элдин көңүлү, жакшы маанайы үчүн ушундай тамашалуу чыгарма жараттык".
Азамат Исмаилов менен Азимхан Рахатовдун аткаруусундагы "Келин келгенский" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.