Кыргыз Республикасында жөлөк пул төлөө соңку беш жылда 30 пайызга өскөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2012-жылы жылдык төлөм 5 миллиард 127 миллион 758,8 миң болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 7 миллиард 317 миллион 578,1 миң сомго жеткен. Бул сумма жалпы бюджеттин 88 пайызын түзөт. Каражаттын калган бөлүгү балдар үйүнө, психоневрологиялык оорулууларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумшалат. Ушундай эле пайыздык көрсөткүчтүн артуусу кош бойлуу энелер үчүн да байкалган. Бул жаатта 2012-жылы бюджеттен 203,4 миллион сом бөлүнсө, үстүбүздүгү жылы 335 миллион 38,7 миң сом каралган.