Ракка кабылган 1,5 жаштагы Айдарга операция ийгиликтүү жасалды, жакындары Нюшага жана кыргыз элине ыраазы

Кечээ, 21-апрелде Москвада рак илдетине кабылган Айдарга ийгиликтүү операция жасалды. Бул тууралуу Орусияда жашаган активист Жылдыз Осмонова жазып чыкты.

Анын айтымында, 1,5 жаштагы Айдардын операциясына кыргыз элинен жалпысынан 500 миң сомго жакын каражат чогулган. Калган жардам орусиялыктардан болгон. Жалпысынан операцияга 7 миллион рубль керектелмек.

Кошумчалай кетсек, Айдарды аман алып калуу аракетинде анын жакындары операцияга коомчулуктан жардам сураган. Ага акчалай көмөк көрсөткөндөрдүн катарында орус ырчысы Нюша да болду. Ырчы операцияга 300 миң рубль бергени кызуу талкууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
paula.90
2016-04-22 12:26:42
Жакшы кабарго.. айыгып кетсин ылайым,
+14
Medina87
2016-04-22 12:36:08
Мындан ары оору дегенди билбей так секирип ойноп кетсин балакай!
Жардам бергендердин Кудай тилектерин берсин!
+15
kobra86
2016-04-22 12:43:44
жардам корсоткондордон Аллахым ыраазы болсун!
+12
Eliza-2014
2016-04-22 12:48:16
Молодец Нюша! Аллах ыраазы болсун, Айдар батырак айыгып кетсин.
+9
Millioner.
2016-04-22 13:00:00
Биринчи Кыргыз элине анан нюшага деп жазсаңар админ
0
kobra86
2016-04-22 13:53:49
Millioner.,тообо анын эмнеси бар экен эн башкысы ыраазычылыгын билдирип атышат ошол жерденда оорун талашкыла
+11
alik00
2016-04-22 13:00:58
Алла ыраазы болсун
+8
Pandora
2016-04-22 13:03:39
Алла раазы болсун!!! Жаратканым шыпаа берип мындан аары оруу эмне экенин билбей чонойсун.
+7
beben
2016-04-22 13:08:46
Millioner, 6 миллион кыргыз эли (1 миллионуан болсода) 500000 мин берсе а Нюша 300000 берсе анан албетте биринчи жазат.
-11
Mirkgz-1990
2016-04-22 13:35:39
Алла ыраазы болсун жардам көрсөткөндөргө .. мен бир нерсени түшүнбөйм 7 миллион р эмне башка орган сатып алып койуштубу же врачтар операция кылганы үчүн 7 миллион алышабы андай болсо өлгөн экен
+5
Jazim93
2016-04-22 13:57:38
Аллахым шыпаасын берсин...мындан ары ден соолугу чын болсун.Жардам бергендерди Аллах колдосун.
+3
elgiz0890
2016-04-22 14:00:20
Аллахка шугур жакшы жанылык ылайым эми эч качан оорубасын кичинекейлерибизге ден соолук берсин аллахым дубабызды кабыл кылсын оомиииин
+3
edil.kg
2016-04-22 16:40:14
Алла шыпаасын берсин омин
0
Kroxa
2016-04-22 18:07:30
Иий байкуш Айдарчиктин омуру узун болсун!жардам бергендерге Алла ыраазы болсун....
0
Aidowi
2016-04-22 18:51:06
Нюшага Аллахым ыраазы болсун.Кээде мусулман болуп туруп,колунда бийлик бар болсо да садака кылбаган адамдарга караганда каапырлар садаканы коп кылышат.
0
kyrgyz_girl
2016-04-22 19:02:54
Биздин ырчылар репост(инстаграм) кылып тим болот ал эми бийликтегилерги соз эле! Нюша азамат!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан