Ала-Бука районунда бейбаштык кылган окуучулардын саны өстү. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG порталына Ала-Бука РИИБинин Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясынын инспектору Рано Нематтуллаева билдирди.
"Биздин райондо 2015-жылы 37 бала каттоодо турса, үстүбүздөгү жылдын апрель айында алардын саны 57 балага жетти. Балдар арасындагы көп катталган кылмыштар: майда уурулук, мектептеги зордук-зомбулук, түнкүсүн бейбаштык кылып көчөдө жүрүү",- дейт Р.Нематтуллаева.
Өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын санын кыскартуу максатында Ала-Бука РИИБинин Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясы мугалимдер жана ата-энелер менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгы маалым болду.