Салык кызматы айдоочулардын жүк ташуу кызматына патенти жок туруп ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товарларды ташып кирип жатканын ачыкка чыгарды. Салык кызматы бир жума аралыгында кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги "Чоң-Капка" өткөрүү жайында атайын рейд жүргүзгөн.
Аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, айрым айдоочулар толтурулган талонго товардын азайтылган наркын көрсөтүшкөн. Тактап айтканда, алынып келинген 1 килограмм ундун баасы талондо болгону 3,5 сомду түзгөн. Ал эми 1 килограмм ундун базар баасы Кыргыз Республикасында орточо эсеп менен 20-25 сомду түзөт.
Ал эми дагы бир ыктыярдуу патенти жок айдоочу талонго жүктүн наркын 10 миң сом деп көрсөтүп алган. Товардын баасын өз наркынан он эсеге төмөн көрсөткөн айдоочу 2 миң литр күн карама майын ташып келген. Ошондой эле “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан да ушул сыяктуу фактылар аныкталган.