Ош шаарындагы Өзгөн көчөсү май айына чейин ишке кирмекчи

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 22-апрелде Ош шаарындагы Өзгөн көчөсүнүн дээрлик жыйынтыкталып калган курулушу (учурда көчөгө асфальт төшөлүп жатат) менен таанышты. Мэрдин айтымында, бул жолдун ишке кирүүсү Навои көчөсүндөгү унаалардын санын азайтат.

Мэриядан кабарлашкандай, жолдун узундугу 350 метрди түзөт. Ал эми жазылыгы 13 метрге барабар (анын 7 метри унаалардын жүрүүсүнө ылайыкташса, жолдун эки тарабындагы тротуарлардын жазылыгы 2,5 метрди түзөт). Жолду ишке берүү май айына туураланган, бирок куруучу ишкана муну мөөнөтүнөн мурун ишке ашырууну пландоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Shef87
2016-04-22 14:17:28
кыйратты 3 мин метр жол ачып
-3
sanya2011
2016-04-22 14:45:15
Kayakta ele bul kocho
-1
Eko
2016-04-22 14:47:58
бир жамгыр жааганда эзилип аталасы чыгат бул жолдун
-4
lolo.1
2016-04-22 19:24:46
Eko,ошо аталасы чыкпасын деп ондоп ататкен
0
elgiz0890
2016-04-22 15:03:21
Азаматсыз ишинизге ийгилик жолду ондоо сооп болот.
0
altynka95
2016-04-22 15:33:21
Зонтикти озу кармаса болбойбу
+1
lolo.1
2016-04-22 19:25:37
Ондолуп атканына ыраазы болуп койсонор жогоруда жазгандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан