Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги эстеликтерди жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Мэриядан кабарлашкандай, Биринчи Май районунда учурда Михаил Фрунзе, Жоомарт Бөкөнбав, Темиркул Үмөталиев, Насирдин Исанов, Карл Маркс менен Фридрих Энгельстин жана 20-кылымдын мамлекеттик ишмерлерине коюлган эстеликтер жуулду. Ленин районунда Ормон хандын айкели тазаланды. Октябрь районунда Ленинград блокадачыларына арналган эстелик жуулду.
Аталган ишкана Бишкектеги эстеликтерди жууп-тазалоо иштерин улантат.