КИНОЗАЛ: "Кантип татынакай кызга көңүл бурбай өтөсүң? Менин азыр деле көзүм, моюнум токтоло элек" дейт "Карт бойдок" тасмасы тууралуу Камчы Сарыбаев

"Кинозал" бөлүмүндөгү "Карт бойдок" лирикалык комедиясы 2013-жылы тартылган, режиссёру - Акжол Бекболотов. Анда Адинай Кемелова, Камчы Сарыбаев, Съездбек Искеналиев, Гүлмира Турсунбаева сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Тасмада Камчы Сарыбаев карт бойдоктун образын жараткан. "Үй-бүлөлүү болуп туруп бойдок жигиттин образын кантип жараттыңыз?" деген сурообузга актёр: "Азыр сексендеги абышка деле көчөдө баратып жука кийинип алган кызды сөзсүз көзү менен карап өтөт. Жигиттер үйлөнгөнчө моюну, көзү токтобойт. Бара-бара моюну токтолот, бирок эркектин көзү эч качан токтобойт, токтобошу да керек. Кантип сулуу, татынакай кызга көңүл бурбай өтөсүң? Менин азыр деле көзүм, моюнум токтоло элек. Көзү токтогон эркек эркек эмес. Ушул жерде менин сөзүмө ар бир эркек кошулса керек",- деп тамашалай жооп узатты.

Тасмада Болот деген бала жөнүндө баяндалат. Аны 10 жыл мурда сүйлөшкөн кызы таштап кетип, "үйлөнбөйм" деген принципке туруп, жашоосун бойдокчулукка байлап коёт. Бул нерседен кабатырланган баланын ата-энеси аны үйлөнтүүнүн айласын издей баштайт.

"Карт бойдок" тасмасын бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Arslan12
2016-04-24 12:15:29
Туура меники да
0
Inna_91
2016-04-24 15:03:33
Камчы актердун кинолору жагат
0
nargis
2016-04-27 22:55:32
Мойну козу токтобосо мейли тартып кетип калганы жаман болот ,алаа-аллаа.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан