SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Наристелүү апаларга жардам" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Жаңы төрөгөн соң бир ысып, бир муздап, суусап чыгат. Ошондо жеңил кийинбей, 2-3 күн эмизүү, калыптанганча суюктукту аз-аздан гана ичип туруу жакшы. Суюктукту көп ичсе көп сүт келип көкүрөк катып чыгат. Сүт келгенге чейин бала сураса улам көкүрөктү алмаштырып эмизе берүү, биринчиден, сүттүн бат келүүсүнө өбөлгө түзөт, экинчиден, жатынды жакшы жыйрылтат".
"Бала жаткан бөлмөнүн терезеси күн тарапты караганы талапка ылайык. Бөлмөнү колдон келишинче 20-23 градус температурада кармоо керек. Бат-баттан желдетип туруу зарыл. Жаңы төрөлгөн баланы күнүгө же 2 күндө бир жолу сууга түшүрүп туруу, туз, череда, ромашка, календула чөптөрү менен чайкап туруу керек, кээ бир чөптөргө аллергиясы жокпу, ошону байкаш керек.
"Бала кичине торолгондон баштап күн нурларына денесин кактап 5 мүнөттөн жогору көбөйтө берүү керек, айрыкча кыш мезгилиндеги төрөлгөндөр үчүн. Баланы эмизерде эмчекти да таза кармап, сүртүп турганга атайын чүпүрөктөрдү камдап коюш керек. Бала эмчек эмип жатканда башка нерселерге алаксыбай, көңүлдү толугу менен наристеге буруу керек. Бул баланын чакап кетишинин алдын алат жана эне-баланын ортосундагы байланышты бекемдейт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.