"Эркиндик" статуясы АКШнын 100 жылдыгына франциялыктардын атынан арналып курулуп, 1886-жылы 22-апрелде анын ачылышы болгон. Статуя Нью-Йорк жана АКШнын дүйнө жүзүнө белгилүү болгон символу. Анын архитектору - Ричард Моррис. "Эркиндик" статуясы жайгашкан арал Бедлоу деп аталган. 1956-жылы Эркиндик аралы деп өзгөртүшкөн.
Алгач статуяны "Азия жарыгы" деп атап, Порт-Саидде орнотууну пландашкан, бирок Египет бийлиги конструкцияларды Франциядан ташуу өтө кымбат деп чечкен. Эки жак бир чечимге келип, Америка статуяны тургузуп, Франция статуяны куймай болгон. Статуяны франциялыктар 1884-жылы июль айында бүтүрүп, Нью-Йоркко 1885-жылы 17-июнда жеткиришкен.