"Кинозал" бөлүмүндөгү романтикалык комедия жанрындагы тасма - "Сүйөм дечи". Тасма 2013-жылы тартылган, режиссёру - Алмаз Жангазиев. Анда Рахат Божокоева, Бакыт Тынайбеков сыяктуу жаш таланттар роль жаратышкан.
Адатта сүйүү сезимдери тууралуу сүйүктүү адамга билдирүү кыйынга турат. Бирок "сүйөм" деп күн сайын айтылган сөз тажатмадай сезилгени менен, уккан кулакка жагымдуу болору шексиз. "Сүйөм дечи" тасмасы мына ушул сүйүү темасына арналган. Тасмада башкы каармандардын биринин образын жараткан Бакыт Тынайбеков:
"Тасмадагы каарманым Адыл экөөбүздүн окшоштугубуз бар. Негизи эле кыргыздын жигиттери оңой менен "сүйөм" деп айта алышпайт эмеспи. Ал нерсени сөз менен эмес, кылган иши, мамилеси аркылуу билдиришет. Мен да оңой менен "сүйөм" деп айта албагандардын катарына кирем",- деп берген маектеринде
билдирген эле.
Тасмада шаардан айылга бараткан актриса кыз кокусунан машинасы менен эшекти сүзүп алат. Анын айынан унаасы бузулуп, бейтааныш айылда, бөлөк адамдардын үйүндө бир нече күн жашап калууга туура келет. Бул учурда бейтааныш адамдар анын эң жакын адамдарына айланышат.
"Сүйөм дечи" тасмасын бул жерден көрүңүз.