Окуучуларды электрондук бирдиктүү базага киргизүүнүн эч кандай шайлоо саясатына тиешеси жок. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев журналисттер менен жолугушууда билдирди.
“Бул иш-аракетти Билим берүү министрлиги менен биргеликте аткаруудабыз. Окуучулардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин паспорту базага киргизилет. Окуучунун ар бири жеке код менен бекитилет. Мындай иш-аракет менен бир мектепте канча бала окуганын билебиз. База аркылуу канча билим мекемелерин салууга болору же эмдөөнү канча балага шартташ керектиги билинет. 1-18 жашка чейинки балдардын баары электрондук базага киргизилет. Эч кандай шайлоого тиешеси жок адамдарды каттап жатабыз. Ошондуктан жарандардан электрондук базаны саясатка аралаштырбоону өтүнөм”,- дейт Тайырбек Сарпашев.
Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы менен Билим берүү министрлигинин электрондук база
иш-аракети 25-майда аяктайт.