Аксыда айылдардын тарыхы изилденип, энциклопедиялар жазылууда

Аксы районунда Тарых жана маданият жылына карата бир катар айыл аймактарында айылдын тарыхы изилденип, такталууда. Райондогу ар бир айыл өкмөтү айылдын энциклопедиясын түзүүнү колго алган. Бул тууралуу Аксы районунун акими Медет Айдаралиев билдирди.

Учурда Кош-Дөбө, Үч-Коргон, Жерге-Тал айыл аймактарында айылдын тарыхы изилденип, энциклопедия жазылууда. Энциклопедияга айыл элинин өнүгүшүнө салым кошкон тарыхый инсандар тууралуу, жер-суунун пайда болушу жана аларга коюлган аталыштарды тактап жазуу шарттары коюлган.

SUPER.KG порталына Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Маматисак Жапаров билдиргендей, айылдын тарыхын жазуу боюнча 13 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топко тарых мугалимдери, айылдын жаралуу тарыхын билген аксакалдар жана айыл өкмөтүнүн адистери кирген. Тарыхты тактоодо жумушчу топко жана башка чыгымдарына 200 миң сом каражат бөлүнгөн. Ошондой эле Үч-Коргон айыл аймагы энциклопедия түзүүгө 200 миң сом каражат бөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Labadax
2016-04-22 15:59:39
Балык башынан сасыйт Индира Жолдубаеванын иниси наркотик менен кармалганын Казак туугандар тастыкташыптыр го.Аа эмнеге биздин бийлик жаап жашырат мындай былык иштерин.Кетсин башкы прокурор жана аны жаап жашыргандар.
+3
Kyialbek.a
2016-04-22 20:14:10
Учкоргонду жакшы изилдеш керек илгери кытайлардынбы же кыпчактардынбы унутуп атам хан ордосу болгон экен тарыхый буюмдар и коптогон табылгалар чыккан эн негизгиси бир канча чакырымга созулган жер алдынан откон жол бар кызыгы ал туннельди эч ким изилдей алган эмес себеби ичинде эч бир жарыктандыруучу каражат жанбайт экен
+1
nuri_kerben
2016-04-22 21:07:27
аксы алга аксылык барвы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан