Республика боюнча жарандыгы жок жана документ албаган адамдардын саны 11 065ке жеткен. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына кыргыз жергесиндеги Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссариаты маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда 11 миңден ашык паспорту жок адамдардын ичинен 7720 адам кыргыз жарандыгына ээ болгон. “Документке ээ болбогондордун көпчүлүгү СССРдин эски паспорту менен калган жарандар экендиги аныкталды”,- деди Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын башчысы Маки Шинохара. "Кыргыз Республикасы бул долбоорго пилоттук өлкө катары кабыл алынган. Учурда Ысык-Көл, Нарын облустарында документ маселеси чечилип жатат. Мисалы, Ысык-Көлдө 357 адам жарандык документке муктаж экен. Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Баткен облусунда Тажикстанда жашаган кыргыздар арыз менен кайрылып, 352 адамга документ берилди",- дейт Маки Шинохара.
Ошондой эле качкындар маселеси дагы каралып, 2016-жылдын март айында 14 качкын арыз менен кайрылганы маалым болду. Алардын үчөөсү өзүнүн өлкөсүнө кайтып, жетөөсү башка мамлекетке кетип, төрт качкын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алды. “Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгынан баш тарткан адамдар да жок эмес. Былтыркы жылдын эсебинен 2034 адам өздүк жарандыгын таштап, башка мамлекеттин паспортун алды”,- деди Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин жетекчиси Махабат Пратова.