SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чочконун жүрөгү адамга салынат" деген тема талкууга алынууда.
Автор темада "2-3 жума мурун жаңылыктардан чочконун жүрөгүн эми адамдарга саларын окуп калдым. Буга көз карашыңар кандай?" деп суроо салган.
Темадагы билдирүүлөр мындай:
"Көңүлүм айланып кетти го! Бул атың өчкүр жаныбардын этин жегенге, терисинен тигилген бут кийимдерди кийгенге, дегеле ушуга байланыштуу буюмдарга жакындаганга тыюу салынса, анан жүрөгүн адамга ким салат экен?"
"Чочконун жүрөгү адамдын жүрөгүнө окшош экен, бирок адамдын жүрөгүнөн бир аз эле кичине".
"Жүрөгүңөр сокпой баратканда көрөт элем көңүлүңөр айланганды".
"Чочконун органдары менен адамдыкы дал келет. Анан да өпкөсүн биздин өлкөдө көп эле адамдар салып жүрүшөт экен. Өпкөсү чирип алмаштырышат го, ошолор чочконуку экен деп уккан жайым бар".
"Азыр 1-орунда жүрөк оорулары турат, аларды жакшы кылуунун универсал түрү - трансплантация. Адамдын дагы жүрөгүн алса болот, бирок ал кымбат, табыш дагы кыйын. Бир жагынан жашагысы келген адамдарга пайдалуу болот экен, арзан, тез дагы. Бир жагынан чочкого окшоп калбайбы деген суроо..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.