Аксы. Жаңы-Жол айылынын тургундары айылдагы милиция бөлүмүнүн имаратын бала бакчага айлантууну талап кылып жатышат

Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 500 наристе балдар бакчасына барбайт. Айыл эли Аксы РИИБинин башчысы Момуналы Добулбековдон айылдагы милиция бөлүмүнүн имаратын бошотуп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG порталына Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков билдирди.

“Бир ай мөөнөт ичинде милициянын имаратын бошотуу, Маданият үйүн куруп баштоо, ооруканага "Тез жардам" унаасын алып берүү сыяктуу талаптарыбыз аткарылбаса, анда 20-майда митингге чыгабыз”,- дейт Жанарбек Надырбеков. “Эгерде РИИБ айылдагы имаратты бошотуп берсе, анда биз бала бакча курууну баштамак элек”,- дейт айыл тургуну Болсунбек Керимкулов.

Маалымат үчүн: Жаңы-Жол айылында 8 миңден ашуун калк жашайт. Аталган айылда 500дөн ашуун наристе балдар бакчасына барбайт. Жаңы-Жол айылы 1991-жылга чейин азыркы Аксы районунун борбору болуп келген. Айылда бир топ социалдык көйгөйлөр бар. Жаңы-Жол айылы райондун борборунан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылда балдар бакчасы болгон эмес. Ал эми Советтер Союзунун мезгилинде тургузулган Маданият үйүнүн курулуш материалдары бузулуп, сатылып кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин айылдык ооруканада “Тез жардам” унаасы жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
omurbek1990
2016-04-22 16:26:32
кызыкко. эл ото эле аша чаап кеткен жокпу. иштеп аткан кызматкерлердин имаратын талашып. Башка талап коюшса болмок экен.
+4
aruuzat.ariet
2016-04-22 16:45:59
ал имаратта 6эле болмо барго ошого кантип батырмак эле даяр бала бакчаларды сатып жиберип милициялар ондоп тузоп койгон имаратты неге талашасынар? мурдагы бала бакчанын оордуна салгыла жеп ичип отура бербей
+1
adilbars
2016-04-22 21:37:01
Ушу жеринен адашыптыр, милиция болумуно тийиштуу имараттан башкасын тапсанар туура болмок. Учурунда бала бакчага деп ажыратылган жерлерди сатып, имараттарды болсо менчиктештирип дуконго айландырып, бутулуу имараттарды улушко болуп, кирпичине чейин санап ташып албаганда ушул койгой чыкмак эмес. Талап-талап болуп кеткен эл ошондо, эртенки жашоону ойлогон эмес. Азыр эми милиция керек эмес деп турасынарбы? Акыл токтокула, ото жакынкы кундордо керек болот имараты менен бирге! Аксым уят болбо!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан