Ысык-Көлдө кыргыз чабанынын жашоосун чагылдырган музей ачылат

Ысык-Көл облусунда кыргыз чабанынын жашоосун чагылдырган музей ачуу пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Тарых жана маданият жылын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциядан билдиришти.

Галереядан жергиликтүү калктын жашоосу тууралуу кызыктуу фактыларды кездештирип, кыргыз чабанынын турмушун башка жагынан көрүүгө болот. Музейге келгендер аймактын тарыхы менен таанышып, кыргыз элинин мал чарбачылыгы, чабандын жашоо-тиричилиги жана койлордун уникалдуу түрү боюнча арбын маалыматтарды ала алышат.

Аталган галерея Жаркынбаев айылында 1960-жылдары курулган мал сарайдын базасында ачылат. Идеянын демилгечилеринин пикиринде, кой короо өзүнүн турган турпаты менен тарыхый объект болуп саналат. Музейдин жалпы аянты 220 чарчы метрди түзөт. Учурда экспозиция үчүн материалдар чогултулуп, ага жергиликтүү эл активдүү катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erali
2016-04-22 21:37:45
Эн сонун идея!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан