Аксы районунда чек ара аркылуу аткезчилик кылгандарга катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу Аксы районунун акими Медет Айдаралиев бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.
“Мындан ары чек ара аркылуу аткезчилик жол менен иш кылган мыйзамсыз аракеттерди таптакыр жоёбуз. Ар бир жаран мыйзам менен жашоону колго алуусу абзел”,- дейт район акими Медет Айдаралиев.
Аксы районунда Кербен, Кашка-Суу, Үч-Коргон, Авлетим, Жаңы-Жол, Кош-Дөбө, Жетиген айылдары Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан. Буга чейин аткезчилик жол менен алектенгендер арасында жаңжалдашуулар, ок атышуулар болуп келген. Андан сырткары жайытта жүргөн мал да чек арадан оттоп өтүп кеткен фактылар катталган, анткени айрым аймактарга эки өлкө тараптан тең зым тосмолор тартылган эмес. Аксы району боюнча 134 чакырым жер тилкеси Өзбек Республикасынын Чартак, Жаңы-Коргон райондору менен чектешет.