"Өлбөс полк" акциясы быйыл Бишкекте 9-майда өткөрүлөт

Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы 9-майда өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин иш-чара 5-майга белгиленген. Эми ал 9-майга жылдырылып, жүрүш эски аянттан башталмай болду. Буга шаардык кеңеш 1-5-май күндөрүн эс алуу деп жарыялаган өкмөттүн токтому себеп болгонун түшүндүрүп беришти.

Депутаттар акция мөөнөтүн жылдыруу чечими шаардыктардын дем алышка карата пландарына таасир этпей турганын белгилешет. Жүрүш эски аянттан башталып, "Жеңиш" аянтына чейин болот. Ал жактан иш-чара митинг-реквием менен уланмакчы. "Өлбөс полктун" салтанаттуу башталышы саат 11:00гө белгиленген. Ал эми эски аянтка саат 10:00гө баруу зарыл. Иш-чараны Бишкек шаардык кеңеши менен мэрия биргеликте уюштуруп, үч жылдан бери өткөрүп келет.

"Өлбөс полк" - 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү ири эл аралык акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучулардын элесине арналып, жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап өтүшөт. Аталган акция биринчи жолу 2012-жылы Орусиянын Томск шаарында өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2016-04-22 20:56:09
Биздин айылдын тургуну болгон Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин суротун которуп акцияга катышуучу адам бар болду бекен?
Тукубай Тайгараевден урпак калса атын алып журмок го чиркин...
0
Svoboda83
2016-04-25 01:48:07
Medina87,сен которуп чык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан